Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 15-октябры № 6/3
Кара-Булуң айылына парк уюштуруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булуң айылынын айыл башчысы К.Мамбетовдун кайрылуусу канаатандырылсын, Кара-Булуң айылынын 4020410020405 жана 4020410020406 кодундагы жер аянттарына парк уюштурууга макулдук берилсин.
2.Кара-Булуң айылынын 4020410020405 жана 4020410020406 кодундагы жер аянттары ченелип ,тактап берүү жагы Ат_Башы райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын Кара-Булуң айылынын айыл башчысы К.Мамбетовго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын коөзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Мамытовго тапшырылсын.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |