Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIII сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 18-марты №23/100
Кызыл-Кыя шаарында спорттук мелдештердин байге ээлерине тарифтик сеткага ылайык акчалай сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө
Жобо
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 27-февралындагы №34 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
Төрага: |
А.Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин
2026-жылдын 18-мартындагы
кезексиз 23-сессиясынын
№ 23/100 токтомуна
тиркеме-1
Кызыл-Кыя шаарында спорттук мелдештердин байге ээлерине тарифтик сеткага ылайык акчалай сыйлыктарды тапшыруу жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
Бул Жобо расмий спорттук мелдештерде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга жана аларды даярдаган машыктыруучуларга тарифтик сетканы белгилөөнүн жана акчалай сыйлыктарды тапшыруу тартибин аныктайт. Жобо Кызыл-Кыя шаарынын спорт тармагына колдонулат.
2. Нормативдик-укуктук негиз
Бул Жобо төмөнкү ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан:
· «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
· Кызыл-Кыя шаардык мэриянын резервдик фондун жобосу.
Бул бөлүм каржылык көзөмөл жана аудит жүргүзүүдө негизги укуктук негиз болуп эсептелет.
3. Жобонун колдонулуу чөйрөсү
Жобо төмөнкү адамдарга карата колдонулат:
· байге ээлерин даярдаган машыктыруучуларга;
· штаттык кызматкерлерге жана кошумча иштеген адистерге;
· олимпиадалык жана олимпиадалык эмес улуттук оюндар.
4. Мелдештердин деңгээли
Спорттук мелдештер төмөнкү деңгээлдер боюнча классификацияланат:
Деңгээл | Мелдештин түрү |
I | Олимпиада оюндары |
II | Дүйнө чемпионаты |
III | Азия чемпионаты |
IV | Кыргыз Республикасынын чемпионаты |
V | Биринчиликтер, Кубоктор, Эл аралык турнирлер |