Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
5-сессиясы
2025-жылдын 24-апрели № 25/V-29
2025-жылдын башына карата бюджеттик каражаттардын эркин калдыктарын бекитүү жөнүндө
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 2025-жылдын башына бюджеттик каражаттардын бош калган калдыктарын кароо жана бекитүү жөнүндөгү 2025-жылдын 18-апрелиндеги №03-1/1712-катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын башындагы бюджеттик каражаттардын бош калдыктарынан 75 274,7 (жетимиш беш миллион эки жүз жетимиш төрт миң жети жүз) сом, анын ичинен бюджеттик каражаттар - 69 732,8 (алтымыш тогуз миллион жети жүз отуз миң) атайын каражаттан - 5541,9 (беш миллион беш жүз кырк бир миң тогуз жүз) сом Кант шаарынын мэриясы тарабынан иштин төмөнкү түрлөрүнө бөлүнсүн:
-Жаштар аллеясын көрктөндүрүүгө - 20000,0 (жыйырма) млн. сом;
-Советский көчөсүн капиталдык оңдоого - 12500,0 ( он эки миллион беш жүз) миң сом;
-Киргшелк а. чатырын оңдоого-1634,0,0 (бир миллион алты жүз отуз төрт) миң сом;
-Киргшелк а. от казанын оңдоого - 1800,0 (бир миллион сегиз жүз) миң сом;
-кважиналарды оңдоого – 10 000,0 (он миллион) сом;
-аркынды сууларды тазалоочу курулманын долбоорун иштеп чыгууга - 5380,0 (беш -миллион үч жүз сексен) миң сом;
-жолдорго шагыл төшөөгө - 2842,7 (эки миллион сегиз жүз кырк эки миң жети жүз) миң сом;
-микроавтобус сатып алууга – 2500,0 (эки миллион беш жүз) миң сом;
-Люксембург, Киргшелк айылдарын суу менен камсыздоо жана канализация боюнча долбоорду иштеп чыгууга -5400,0(беш миллион төрт жүз) миң сом;
-Кант шаарын 2025-2030-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жана Кант шаардык кеңешинин депутаттарын окутуусуна – 500,0 (беш жүз) миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2025-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен Кант шаардык Кеңешине маалымат берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (М.К. Коджакматов) жүктөлсүн
Төрага |
| М.Бейшебаев |