Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын
ХV-сессиясынын
2025-жылдын 17-декабрындагы №3
Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 1 даана HOWO ZZ5112ZYS07W (арткы жүктөө) үлгүсүндөгү атайын таштанды ташуучу автоунаасын Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду тарабынан ижара (лизинг) катары насыя жолу менен сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-45-беренелерин аткарууга алып, 08.12.2025-жылкы чыгыш №10-4/3792 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын XV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1.Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 1 даана HOWO ZZ5112ZYS07W (арткы жүктөө) үлгүсүндөгү атайын таштанды ташуучу автоунаасын Базар-Коргон райондук өнүктүрүү фонду тарабынан ижара катары насыя жолу менен сатып алууга макулдук берилсин.
2.
3. 2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
4.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага: |
К.К.Анарбеков
|