Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 15-октябры № 6/5
Казыбек айыл аймагында жайыт жерлерин ижарага
берүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Муниципалдык ишкананын жетекчиси Ниязбек Кубатакун уулунун кайрылуусу канааттандырылсын;
- Жайыт жерлерин туризм багытына ижарага берүүдө, ижара акысы жылына 1чарчы метри 1000 сомдон деп белгиленсин.
2.Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Мамытовдун кайрылуусу канааттандырылсын;
- Айыл чарба эмес багытындагы башка максаттарга пайдаланууга бир жылга ижарага сураган жеке жарандарга бир чарчы метрине айына 500 сомдон, юридикалык жактарга 1000 сомдон деп белгиленсин.
3.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |