Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 27-октябры № 7/1
Кошумча план алуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин жер казынасын пайдалануу укугун |
лицензияны кармоо үчүн акы салыгынан 1300 000 (бир миллион үч жүз мин) сом төмөндөгүдөй кошумча план алынсын (тиркеме тиркелет) |
2.Айылдык кеңештин депутаттары бекитип берген акча каражаттары КР нын “Бюджеттик кодекс” жөнүндө мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Мамытовго жана СЭӨБ башчысы Т.Исаковго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик тармак боюнча туруктуу комиссиянын депутаттарына жана төрайымы Мамбетмусаева Зыядатка тапшырылсын.
4.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |
БЕКИТИЛДИ
Казыбек айылдык Кеңешинин
15-октябрь 2025-жылдагы
№7/1Токтомуна тиркеме 1
АК төрагасы
______________Э.Султаналиев
Казыбек айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин жер казынасын пайдалануу укугун | |||
лицензияны кармоо үчүн акы салыгынан 1300 000 (бир миллион үч жүз мин) сом кошумча план алууга | |||
|
|
|
|
Киреше бөлүгү |
|
| |
Жер казынасын пайдалануу укугун лицензияны кармоо үчүн акы кошумча план алууга | 1300 000 |
| |
Баары: |
| 1 300 000 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
№ | Чыгымдар | Сумма |
|
1 | Айылдык кенештин кабинетине стол,стул мебель алууга | 168 000 |
|
2 | Бишкек Торугарт унаа жолуна таштанды таштаба деген жол белгилерди алууга | 21 440 |
|
3 | Бузуулар боюнча протоколдорду алууга | 5000 |
|
4 | Казыбек айылындагы Кошой көчөсүнө жарыктандырууга керектүү материалдарды алууга | 100 000 |
|
5 | Казыбек айылындагы Ажыбек у Үсөнаалы көчөсүнө электр мамычаларын алууга | 412 960 |
|
6 | Кызыл-Туу айылындагы"Сезимтал" б\бчасына тамак бышыруучу комфорка алууга | 136 000 |
|
7 | Кызыл-Туу айылындагы"Сезимтал" б\бчасына ашканасына вытяшка алууга | 40 000 |
|
8 | Кызыл-Туу айылындагыК.Керималиев мектебине видеокөзөмөл алууга | 70 680 |
|
9 | Кара-Булун айылындагы А.Искендеров мектебинин көмүрканасына профнастил алууга | 45 000 |
|
10 | Кара-Булун айылындагы А.Искендеров мектебинин от казанына сетка,абаны тазалоочу каражат алууга | 36 000 |
|
11 | Кара-Булун айылынын көчөлөрүнө коюуга азбест трубаларды алууга | 136 360 |
|
12 | Жаны-Күч айылынын көчөлөрүнө коюуга азбест трубаларды алууга | 128560 |
|
| Баары: | 1300000 |
|
АК жооптуу катчы С.Жапарова