Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 27-октябры № 7/2
Казыбек айылындагы жаңы мечит жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл аймагынын Казыбек айылындагы жаңы курулуп бүткөн мечиттин сейсмологиялык абалын аныктоо, Ат-Башы райондук Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан (ГЗ) шаар куруу корутундусун алуу жана Курулуш-монтаждоо иштерин (КМИ) каттоо жана аткарууга уруксат алуу боюнча Казыбек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерди башкаруу адистерине тапшырылсын.
Добуштардын саны: Жалпы 17,Макул 14,Калыс 3
2.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Мамытовго тапшырылсын.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |