Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIV сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 9-апрели №24/101
Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн жана Кадамжай райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн аткарган иштери
жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, маселе шаардык кенештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 10-мартындагы №11 протоколу менен каралгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн (СЭС) жана Кадамжай райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн 2025-жылы аткарган иштери жөнүндө маалыматтары эске алынсын.
2. Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн башчысы Г.Сабировага милдеттендирилсин:
- инфекциялык ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүүнү активдештирүү;
- калктын ден соолугуна кам көрүү максатында көчөлөрдө, базарда сатылып жаткан тамак-аш-эт продуктыларынын сакталуусу жана сатылуусу (айрыкча жаз-жай айларында тез бузулуучу тамак-аштар), коомдук тамак-аш жайларынын санитардык-гигиеналык абалын көзөмөлгө алуусун күчөтүү;
- навайканалардын санитардык абалын жана бышырылып жаткан нандардын сапатын текшерүү жана чара көрүү;
- жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында, менчигинин түрүнө карабай медициналык кызматкерлердин, билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана тамак-аш сатуучу жайлардын кызматкерлеринин санитардык кароодон өтүп, санитардык китепчелеринин толтурулуусуна көзөмөлдү күчөтүү;
- эмканада колдонуучу медициналык аппараттардын дезинфекциялоодон өтүүсүнө, медициналык кызматкерлердин санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоосуна өзгөчө көзөмөл жүргүзүү;
- мектепке чейинки балдардын, окуучулардын жана студенттердин ден соолугуна кам көрүү максатында, бала бакчаларда, мектептердин класстарындагы жана окуу жайлардын окуу корпустарындагы температуралык режимдердин сакталышына жана балдарга даярдалуучу тамак-аштын сапатына көзөмөлдөө жүргүзүү;
- өлгөн мал жандыктарын жана жолбун иттерди таштоочу “Беккарь” чункурун, шаардын таштанды таштоочу жайларын, таштанды таштоочу полигонду ар жума сайын дезинфекциялоону жүргүзүү жана аткарылган иштер боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү;
3. Кадамжай райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын башчысына жана Кадамжай райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын Кызыл-Кыя шаардык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Э.Алиевге милдеттендирилсин:
- мал жандыктарынан жугуучу инфекциялык (кутурма, бруцеллез, сибирь жарасы ж.б.у.с.) ооруулардын алдын алуу максатында, калк арасында профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүү;
- Кызыл-Кыя шаарынын аймагына кирүүчү мал жандыктарынын жана базарларда, дүкөндөрдө сатылуучу эттердин ветеринардык-лабораториялык текшерүүдөн өтүүсүн камсыздоо;
- шаардын аймагында мал жандыктарынын жана иттердин санын тактоо, учетко алуу жана алардын өз убагында эмдөөдөн өтүүсү үчүн вакциналар менен камсыздоо.
4. Кадамжай райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынан бөлүп, өзүнчө Кызыл-Кыя шаардык ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют бөлүмүн түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кат менен кайрылуу жагы шаар мэри Б.Кошалиевге жүктөлсүн.
5. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
6. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: |
А.Мурзаев |