Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIV сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 9-апрели №24/102
“Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине негиз, “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндөгү маселе шаардык кенештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 10-мартындагы №19 протоколу менен каралгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын 2025-жылда жана 2026-жылдын январь-февраль айларында аткарган иштери жөнүндө «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Шератовдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Тазалык» муниципалдык ишканасына (К.Шератов) милдеттендирилсин:
- санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган 3 айлык боюнча түзүлгөн иш чаралардын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы;
- 2026-жылга шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бекитилген иш-мэрчемдерин толук жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу жагы;
- 2026-жылы жана андан мурдакы жылдарда шаардын аймагына отургузулган декоративдик жана башка дарактардын көктөп өсүүсүнө камкордук көрүү, сакталышын камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы;
- шаардын аймагындагы чыккан таштандылардын өз убагында алынышын камсыз кылуу;
- жугуштуу оорулардын таркалышынын алдын алуу, санитардык абалды жакшыртуу максатында, таштандылар толгон тележкаларды алууда айланасындагы таштандыларды чогултуп тележкага салдыруу, мезгил-мезгили менен тележкалардын айланасындагы бетон бордюрларды жана таштандылар топтолгон жайларды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп туруу жагы;
- каттуу тиричилик таштандыларын алып чыгууга шаардын жашоочулары менен жана мекеме-ишканалар менен келишимдерди түзүү иштерин активдештирүү жагы.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А.Мурзаев |