Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин XXIV сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 9-апрели №24/103
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгына негиз, Кызыл-Кыя шаарынын аймагында “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүү жөнүндөгү маселе шаардык кенештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-мартындагы №13 протоколуна таянып, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2026-жылдын 10-мартындагы №01-14/973 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл–Кыя шаарынын аймагында сентябрдын акыркы жума күнү жыл сайын өткөрүлүүчү Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү деп белгиленсин.
2. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүүнүн иш-чаралар планы бекитилсин (тиркеме-1).
3. “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүүнүн иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан “Жаш фермерлер жөнүндө” Жобосу бекитилсин (тиркеме-2).
4. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
А.Мурзаев |
Кызыл-Кыя шаардык
кенешинин
2026-жылдын 9-апрелиндеги
кезектеги 24-сессиясынын
№ 24/103 токтомуна
тиркеме-1
Кызыл-Кыя шаарынын аймагында “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн” өткөрүүнүн иш-чаралар планы
№ | Иш-чаранын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу тараптар | Каржылоо булагы | Көзөмөл |
1 | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 «Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө» Жарлыгын аткарууга алуу жана тиешелүү уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү | 2026-жыл ичинде, туруктуу | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы | Жергиликтүүбюджеттин каражаттарынын чегинде | Ж. Курбанов |
2 | Улуттук күндү расмий ачуу салтанатын өткөрүү (салтанаттуу куттуктоо, желектерди илип чыгуу, баннер-плакаттарды жайгаштыруу, медиа чагылдыруу) | 2026-жылдын сентябрь айынын акыркы жумасы | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Муниципалдык менчик департаменти | Шаардык бюджет | Ж. Курбанов |
3 | Фермерлер үчүн органикалык дыйканчылык технологиялары боюнча семинарларды, тренингдерди жана мастер-класстарды өткөрүү | Жыл ичинде | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, ДМС, №8 Н. Мусаев атындагы лицей, айыл чарба тармагындагы адистер | Долбоордук жана башка булактар | Ж. Курбанов |
4 | Балдар жана жаштар үчүн интерактивдүү жана агартуу иш-чараларын уюштуруу (сүрөт сынактары, конкурстар, оюн программалары, мини-ферма форматындагы көргөзмөлөр) | Сентябрь айы | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы | Шаардык бюджет | И. Бабаев |
5 | Мектеп окуучулары жана студенттер үчүн органикалык өндүрүш жана тура тамактануу боюнча лекцияларды уюштуруу | Жыл ичинде | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, билим берүү мекемелери | Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде | И. Бабаев |
6 | Медиа жана социалдык маалыматтык кампания жүргүзүү (видеороликтерди даярдоо, социалдык тармактарга маалымат жайгаштыруу, жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүү) | Жыл ичинде | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы | Каралган каражаттардын чегинде | Ж. Курбанов |
7 | «Жаш фермерлер» жөнүндө жобону иштеп чыгуу, конкурстарды уюштуруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо | Сентябрь айы | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, билим берүү бөлүмү | Мыйзамдарда тыюу салынбаган булактар | И. Бабаев |
Кызыл-Кыя шаардык
кенешинин
2026-жылдын 9- апрелиндеги
кезектеги 24-сессиясынын
№ 24/103 токтомуна
тиркеме-1
“Жаш фермерлер жөнүндө”
Жобо
I. Жалпы жобо
II. Негизги максаты жана милдеттери
III. Катышуучулар
IV. Конкурсту уюштуруу тартиби
V. Баалоо критерийлери
VI. Сыйлоо жана колдоо
VII. Каржылоо
VIII. Жоопкерчилик жана көзөмөл
IX. Жыйынтык