Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 27-октябры № 7/3
Казыбек айыл аймагында “Ардактуу Атуулдук”
берүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, КыргызРеспубликасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен,Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Казыбек айыл аймагында ар бир айылдан сунушталган айылдын мыкты инсандарына Казыбек айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы төмөндөгүлөргө ыйгарылсын:
1.Мамбетакунов Иманбек Турганбаевич
2.Казаков Молдосун Дүйшекеевич
3.Усубалиев Канимет
4.Султаналиев Ишенбек Шаршекеевич
5.Кермакунов Асанбек
6.Абдырашитов Рамис Ишенбаевич
7.Кадыралиев Рахат Моңолдорович
8.Мадиев Айып Мадиевич
9.Сатаров Санжарбек Ишеналиевич
10.Жакыпов Замирбек Курманалиевич
11.Усубалиева Нуризат Азыкбековна
2.Ушул токтомду каттоодон өткөрүп , www.Kazybek.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы Кеңештин жооптуу катчысы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
Тѳрага: | Э. Султаналиев |