Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
3-февраль 2026-жыл №29-16/4
Токтом
“Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жѳнʏндѳгʏ” Жобону бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун, 2025-жылдын 21-ноябрындагы, чыг:№01-17-5434, катын карап жана талкуулап, “муниципалдык менчик жѳнʏндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XVI сессиясы,
токтом кылат:
Тѳрага Таштанбек уулу С.
БЕКИТИЛДИ
Каракол шаарынын Кеңешинин
2026-жылдын 3 февралынын
№29-16/4 токтому менен
№1 тиркемеси
Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө
1-Глава. Жалпы жоболор
5. Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө ушул Жобо (мындан ары- Жобо) "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19- беренесине ылайык иштелип чыккан.
6. Бул жобо муниципалдык менчикте турган мүлктүн бардык түрлөрүнө, ошондой эле муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда жана муниципалдык мекемелерге–оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген же башка юридикалык жана жеке жактардын пайдалануусуна берилген муниципалдык мүлккө жайылтылат. Наркы 100 эсептик көрсөткүчтөн аз болгон муниципалдык ишканаларга бекитилип берилген муниципалдык мүлк иш каналардын бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык өз алдынча эсептен чыгарылууга тийиш.
7. Бул Жобонун күчү пайдалуу казындыларга, автордук укуктарга, лицензияларга, патенттерге, франшизаларга, соода маркаларына, гудвилдерге, программалык камсыздоолорго карата жайылтылбайт.
8. Бул Жободо мүлктү эсептен чыгаруу деп керектөө касиеттерин, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүсүн толук же жарым-жартылай жоготуунун натыйжасында мүлктү максаттуу багыты боюнча андан ары пайдаланууга жана (же) тескөөгө жараксыз деп таанууга, же болбосо кыйроонун же жок кылуунун натыйжасында ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кетүүгө, ошондой эле анын жайгашкан жерин аныктоого мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу мүлктү андан ары пайдаланууга жараксыз деп таанууга байланышкан иш- аракеттердин комплекси түшүндүрүлөт.
9. Ушул Жобого ылайык төмөнкү мүлк эсептен чыгарылууга тийиш:
1) пайдалуу кызматынын мөөнөтү бүткөн мүлк, ошондой эле пайдалуу касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуунун, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүнүн кесепетинен андан ары максаттуу багыты боюнча пайдаланууга жараксыз мүлк;
2) калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз мүлк;
3) жок болуунун же жок кылуунун кесепетинен, анын ичинде менчик ээсинин эркинен тышкары, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместигинен улам ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кеткен мүлк;
4) бузулаэлек объекттерди кошкондо эски же авариялык кыймылсыз мүлк курулуштары.
10. Муниципалдык мүлктү калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз учурларда, ошондой эле ал белгиленген тартипте жеке же юридикалык жактарга сатылышы мүмкүн болбогон учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш.
11. Техникалык жактан оң жана андан ары пайдаланууга жарактуу мүлктүн наркынын 100 пайыз өлчөмүндө чегерилген амортизация толук амортизациянын себеби боюнча аны эсептен чыгарууга негиз болоалбайт. Мындай мүлктүн иштөө мөөнөтү техникалык уюмдардын жетиешелүү билими бар адистин маалымкатынын негизинде белгиленет. Мындай мүлктүн баланстык наркы адилет нарк боюнча белгиленет, андан аркы амортизация линиялык ыкма боюнча жүргүзүлөт.
12. Камак салынган, мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүп алынган мүлк, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлк эсептен чыгарылбайт.
13. Инвентаризациянын натыйжасында кызматөтөөнүн ченемдик мөөнөтүнөн өтпөгөн кемчыгуу катары табылган мүлктү эсептен чыгаруу, ошондой эле ал бузулган учурда, аракеттери мүлктүн жараксыздыгына алып келген (форс-мажордук жагдайлардан тышкары) адамдардын эсебинен ошол мүлктүн рыноктук наркы тындырылгандан кийин жүзөгө ашырылат. Мында мүлктү калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш.
14. Эсептен чыгаруу жол-жобосу менен байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.