Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 10-апрели №109
Самаркандек айылынын Базар-Башы участогундагы «Нур-Жанат» балдар бакчасынын жанына навес куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана “Нур-Жанат” балдар бакчасынын жетекчиси А.Зайитованын билдирүусүн угуп, карап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айылынын Базар-Башы участогундагы «Нур-Жанат» балдар бакчасынын жанына жаан-чачындан, күндөн өспүрүмдөрдү калкалоо максатында навес куруп берүү сметасын түзүп, акча каражатын бөлүп берүү жана куруу менен жаш жеткинчектерге шарттар түзүү айыл өкмөтү тарабынан каралсын.
2. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман у. Т. милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: |
Гапаров Ш.Б. |