Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-марты № 21/1
Дөбөлү айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 73-76-беренелерине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 73-76-беренелерине ылайык, Дөбөлү айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы төмөндөгүдөй бекитилсин;
– Жеке турак жайлар үчүн 1 жашоочуга -100 сом;
– Ишкердик иши үчүн арналган объектер үчүн ар бир чарчы метрине -10 сом;
– 1 кызматкерге -50 сом.
2. Жыл сайын жыйымдарды 1-апрелге чейинки мөөнөттө тийиштүү жергиликтүү бюджетке төлөнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Шералиев |