Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Cамаркандек айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2026-жылы 10-апрели №111
Баткен областы боюнча «Жаш манасчы» кароо сынагынын жеңүүчүсү Сабырбеков Ибрахимге колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү мекемесинин директору Иралиева Джамилянын билдирүүсүн карап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү мекемесинин 8-классынын окуучусу ,” Жаш манасчы” кароо сынагынын райондук жана облустук турлардын жеңүүчүсү, республикалык кароо сынагына жолдомо алган Сабырбеков Ибрахимге окуучунун Бишкек шаарына жөнөтүү чыгымдарына жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 10,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Шайдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: |
Гапаров Ш.Б. |