Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 10-апрели №112
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айылдык кеңешинин жер маселелри боюнча туруктуу комиссиясынын 09.04.2026-ж. бүтүмүнүн негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айылынын тургуну Рахмат уулу Арзыматтын Самаркандек айылы, Базар-Башы участогу, А.Кенжебаев атындагы көчөсү дарегиндеги пайдаланып келген калктуу пункттун жерлери категориясындагы 0,12 га жер тилкеси кезексиз жеке менчикке бекитилип берилүүсүнө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмүнүнг жетекчи адиси Ж. Карабаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин мыйзамуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: |
Гапаров Ш.Б. |