Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-апрели № 23/1
Дөбөлү айыл аймагынын Кеңеш жана Таш-Башат айылдарында жайгашкан карьерден инерттик материал алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 28-апрелиндеги №02.2-3/384 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Дөбөлү айыл аймагынын Нарын-Орук-Там унаа жолунун 9,5-15,5 жана 23-30 чакырым аралыктарына асфальт төшөө жумуштарына карата Кеңеш жана Таш-Башат айылдарындажайгашкан карьерден инерттик материал (кум шагыл аралашмасын) алууга макулдук берилсин.
2.Нарын-Орук-Там унаа жолун асфальт төшөө жумуштары аяктагандан кийин Кеңеш жана Таш-Башат айылдарында жайгашкан карьерди рекультивация иштерин жүргүзүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын “Ак-Бел” муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Шералиев |