Загрузка документа…
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН |
I-чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 30 март № 10
Алтын-Арашан айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдардын жана суу чарба курумаларынын айыл өкмөттүн муниципалдык менчигинен, Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Н.Т Калиевдин, 2026-жылдын 27 январындагы №01/6, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өткөрүү” жөнүндөгү токтомун аткаруу максатында, Ак-Суу району боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын негизинде, түзүлгөн тизмеге ылайык, 1-2 ирээтеги каналдарды Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына кабыл алуу, боюнча жергиликтүү кеӊештин макулдугун берүү боюнча кайрылуусун карап, таанышып чыгып Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш токтом кылат:
1. Алтын-Арашан айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык, дренаждык тутумдардын жана суу чарба курулмаларынын айыл өкмөттүн менчигиндеги Жолколот, Отуз-Уул, Уч-Кайнар, Тегизчил, Жаны-Арык, Боз-Булун, Бөрү-Баш, Октябрь айылдарындагы жалпы 142,285 км ички чарбалык жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын негизинде, түзүлгөн реестирине ылайык, 1-2 ирээтеги каналдардарын, Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына кабыл алууга макулдук берет
2.Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын, айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго жүктөлсүн.
Төрага А. Токомбаев