Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын 28 апрель № 12
Эч кимдин балансында катталбаган (ээси жок) автоунаа
жолдорду мамлекеттик баланска өткөрүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү кеӊеш, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Ж.Жетигеновдун 2026-жылдын 1-апрелиндеги №Пр-0/26 протоколдук тапшырмасынын 8-подпунктунда берилген “Таандыктыгы аныкталбаган (кароосуз) дарыя жээктери, жолдор, көпүрөлөр, каналдар жана башка мүлктөр боюнча таандыктыгын тактоо жана белгиленген тартипте баланска алуу иштери камсыз кылуу” тапшырмасын аткаруу максатында, Алтын-Арашан жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.Алтын-Арашан айыл аймагындагы Пристань-Дача жолунун, Улан заводунан башталып Жыргалан суусун кесип өткөн көпүрө менен бирге туурасы 4-5 метр узундугу 1700 метр чакырым автожолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №35 жол тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берет.
2.Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин;
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Төрага А. Токомбаев