Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 07-февралы №12
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын таза суу, тазалык боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын” 34-беренесине ылайык, 2023-жылдын 29-декабрь Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №735 токтому жана убактылуу жобосунун негизинде Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын таза суу, тазалык боюнча тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү 2026-жылдын 15-январындагы чыгыш №18 сандуу катын кезектеги сессияда карап, талкуулап Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси токтом кылат:
1. Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Кыркол” таза суу муниципалдык ишканасынын 2026-жылга ичүүчү таза сууга төлөмдөрдү бекитүү максатында, 2025-жылдын 7-мартындагы №6-5 токтомундагы тарифтер төмөнкүдөй өзгөртүлсүн айына 280 (эки жүз сексен) сом үйдүн ичинен колдонгондор үчүн, 200 (эки жүз ) сом көчөдөн, жана таштандыларды алып чыгуу үчүн кабына 30(отуз) сомдон тургундарга, соода сатык багытындагы мекеме ишканаларга кабына 60 (алтымыш)сомдон тарифи бекитилсин.
2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Бакиров |