Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 07-февралы №13
Т. Зулпуев айыл аймагынын Атамерек айылынын атын өзгөртүү боюнча
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын” 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Административдик-аймактык түзүлүш жөнүндө” Мыйзамына ылайык Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунуш катын жана калктын протоколун эске алып Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мурдагы “Коммунизм” аталышындагы, азыркы Атамерек деп аталып келген калктуу конушка расмий түрдө “Атамерек ” айыл макамы берилсин.
2. Тиешелүү документтерди даярдап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштоо милдети Т. Зулпуев айыл аймагынын башчысы Д. Тажибаевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө Т. Зулпуев айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Бакиров |