Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 7
“Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылындагы №12 Капарбек мектебинин жаңыдан 500 орундуу типтүү мектепти, мектептин алдында жайгашкан стадионго курдуруу үчүн макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин 18.07.2025-жылдын чыгыш №10-3/1989 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылындагы №12 Капарбек мектебинин жаңыдан 500 орундуу типтүү мектепти, мектептин алдында жайгашкан стадионго курдуруу үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|