Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 8
“Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам жана Жети-Кошкон айылдарынын башкы пландарын алымча кошумчасы менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-,45-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министрлигинин шаар куруу жана архитектура департаментинин 2025-жылдын 11-августундагы чыгыш № 01-4/3907 сандуу катына, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары М.Ө.Мурзаевдин 11.08.2025-жылдын чыгыш №01-28/2243 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу Беш-Бадам жана Жети-Кошкон айылдарынын башкы пландарын алымча-кошумчасы менен кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|