Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 06-марты №14
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын эсептик счетундагы калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн эсептик счетунда калган калдыгы боюнча Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 6-мартында өткөрүлгөн сессиясында каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин 5 206,9 миң сом калдык акча каражатын айыл өкмөтүнүн айылдарына, мектеп, бала бакчаларына ажыратылсын. (тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн эсептик счетунда калган калдыкты каржылануусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевге жана айыл өкмөтүнүн Фининсы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Аблакимовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик
6. Реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Экономика, бюджет, энергетика, ишмердүүлүк, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Бакиров |