Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 9
“Базар-Коргон шаарынын аймагындагы жеке менчик жер аянтарынын багытын өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 12-беренеси, 18-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэринин орун басары М.Ө.Мурзаевдин каттарына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарынын М.Сулайманов көчөсүндөгү 3-02-03-0009-0481 сыр белгиси менен катталган Алимжанова Адина Ибрайимжановнанын жеке менчик жана А.Ташматов көчөсүндөгү 3-02-03-0019-1101 сыр белгиси менен катталган Абдурауп кизи Махлиёнун жеке менчик турак жайларын элге кызмат көрсөтүү үчүн пайдалануу багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|