Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 06-марты №15
Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылына шайлоо участок ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын” 34-беренесине ылайык, Т.Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылына кожолуктун саны – 173, калктын саны –1215 болуп бирок бүгүнкү күнгө чейин шайлоо участкасы жок болгондугуна байланыштуу Т.Зулпуев айыл өкмөт башчысынын сунушун кезексиз сессияда карап чыгып Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылына шайлоо участок ачууга макулдук берилсин жана комиссия курамы жактырылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Т. Зулпуев айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Бакиров |