Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 06-марты №16
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы №16 контурда жайгашкан айыл-чарба багытындагы суулу айдоо 46,5га жер аянтынын ичинен 0,06га жер тилкесин Таштак айылынын туругундарынын үлүш жер аянттарына сугат суу чыгаруу үчүн, суу фондусунун жерлери категориясына которуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы №16 контурда жайгашкан айыл-чарба багытындагы суулу айдоо 46,5га жер аянтынын ичинен 0,06га жер тилкесин Таштак айылынын туругундарынын үлүш жер аянттарына сугат суу чыгаруу үчүн, суу фондусунун жерлери категориясына которуу максатында Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 25.02.2026-жылдагы № 01-19/516 сандуу чыгыш катынын негизинде Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 21-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы №16 контурда жайгашкан айыл-чарба багытындагы суулу айдоо 46,5га жер аянтынын ичинен 0,06га жер тилкесин Таштак айылынын туругундарынын үлүш жер аянттарына сугат суу чыгаруу үчүн, суу фондусунун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Макулдук берилген жер аянттарын юридикалык иш кагаздарын даярдап жогорку органдардан суроону Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев айылдык кенешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Бакиров |