Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XII сессиясы
2025-жылдын 9-сентябрындагы № 11
“Базар-Коргон шаарына караштуу К.Култаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги 10984,0 чарчы метр жер аянтынан 900,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплекс куруу үчүн жана калган жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга имарат жана унаа токтотуучу жай курууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын вице мэри Ө.М. Мурзаевдин 16.05.2025-жылкы чыгыш №01-28/1254 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын кезексиз XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарына караштуу К.Култаев көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги сериясы Б №048789, идентификациялык номери 3-02-03-0005-1250 сандуу сыр белгиси менен катталган 10984,0 чарчы метр жер аянтынан 900,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплекс куруу үчүн жана калган жер аянтын Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканаларга имарат жана унаа токтотуучу жай курууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин агрардык, айыл-чарба, муниципалдык, жайыт жерлер, архитектура, курулуш, кадастр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Тохтасиновго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.К.Анарбеков
|