Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 06-марты №19
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылындагы №388 контурда жайгашкан жайыт категориясындагы 6,8га жер аянтынын ичинен 1300,0чарчы метр жер тилкесин жана №402-контурда жайгашкан 2,7га жер аянтынын ичинен 1,21га (бир гектар жыйырма бир сотых) жалпысы 1,34га (бир гектар отуз төрт сотых) жер аянтына жаңыдан заманбап типтүү мектеп куруу үчүн жер аянтынын категориясын калктуу конуштун жерлери категориясына которуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 25.02.2026-жылдагы №01-19/516 сандуу чыгыш катын кезексиз сессияда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 21-беренесин жетекчиликке алып, Т.Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылындагы №388 контурда жайгашкан жайыт категориясындагы 6,8га жер аянтынын ичинен 1300,0чарчы метр жер тилкесин жана №402-контурда жайгашкан 2,7га жер аянтынын ичинен 1,21га (бир гектар жыйырма бир сотых) жалпысы 1,34га (бир гектар отуз төрт сотых) жер аянтына жаңыдан заманбап типтүү мектеп куруу үчүн жер аянтынын категориясын калктуу конуштун жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Макулдук берилген жер аянттарын юридикалык иш кагаздарын даярдап жогорку органдардан суроону Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Тажибаевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев айылдык кенешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Бакиров |