Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
5-сессиясы
2025-жылдын 24-апрели №26/V-29
2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин ашыкча аткарылган киреше бөлүгүндөгү каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги №03-1/1754 2025-жылдын биринчи кварталынын бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышынын жыйынтыгы боюнча 10 700,0 (он миллион жети жүз) миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясы 2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча бюджеттин ашыкча аткарылган киреше бөлүгүнөн 10 700,0 (он миллион жети жүз) миң сом өлчөмүндөгү каражаттарды төмөнкү бөлүмдөр боюнча кайра бөлүштүрсүн:
-ТЖКЧ бөлүмү 3111-бер. 8700,0 (сегиз млн. жети жүз) миң сом өлчөмүндө;
- КОМ бөлүмү 2222-бер. 1000,0 (бир) млн. сом өлчөмүндө;
-МчББ 2222-бер.1000,0 (бир) млн. сом өлчөмүндө.
Жана төмөндөгү иштерге бөлүштүрүлсүн:
- 2000,0 (эки) миллион сом - идиш-аяк сатып алууга;
- 8700,0 (сегиз миллион жети жүз) миң сом - жолдорду жана тротуарларды курууга.
2. Бул токтомдун аткарылышы 2025-жылдын 1-декабрынан кечиктирилбей Кант шаардык кеңешине маалымат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (М.К. Коджакматов) жүктөлсүн.
Кеңешинин-төрагасы |
| М.Бейшебаев |