Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
5-сессиясы
2025-жылдын 24-апрели №29/V-29
Кант шаарынын мэриясынын Кант шаарындагы №5-орто мектебинин базасында «Тарыхты бирге сактайлы» тарыхый музей мекемесинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кант шаардык кеңешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, ошондой эле Кант шаарынын мэриясынын 18.04.2025-ж. №03-1/1686 Кант шаарынын мэриясынын №5-орто мектебинин базасында «Тарыхты бирге сактайлы» тарыхый музей мекемесинин Жобосун кароо жөнүндөгү катын карап чыгып
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын №5-орто мектебинин базасында «Тарыхты бирге сактайлы» тарыхый музей мекемесинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык кеңешининсоциалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, жаштар иштери жана спорт, коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына (Сатарова Ж.Э.) жүктөлсүн.
Төрага |
| Бейшебаев М |
|
| Кант шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 29/V-29-токтомунун тиркемеси |
Кант шаарынын мэриясынын Кант шаарындагы №5-орто мектебинин базасында «Тарыхты бирге сактайлы» тарыхый музей мекемесинин
ЖОБОСУ
I. ЖАЛПЫ ЖОБО
1.2. Кант шаардык мэриясынын Кант шаарынын №5-жалпы билим берүү орто мектебинин «Тарыхты бирге сактайлы» мектеп тарых музейи (мындан ары: мекеме) 4433-эвакуациялык госпиталынын (мындан ары – 4433 - ЭГ) медицина кызматкерлеринин эрдигинин тарыхын, тыл эмгекчилеринин, Кант райондук поселкасынын (мындан ары-рп) жашоочуларынын, тынчтык, согуш мезгилиндеги жана согуштан кийинки мезгилдеги аскердик эрдиктерин түбөлүккө калтыруу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес, илимий-изилдөө жана илимий-тарбиялык, материалдык жана руханий маданияттын негизги сактоочу мекемеси болуп эсептелет. Музей Кант шаарынын түзүлгөндүгүнүн башталышынан азыркы күнгө чейинки өнүгүүсүнүн тарыхый ырааттуулугун көрсөтүүгө арналган.
1.3. Мекеменин иштөө мөөнөтү – чектелген эмес.
1.4. Жайылтуу аймагы – жергиликтүү, Кант шаары, Ысык –Ата району, Чүй облусу
1.5. Музейдин дареги: Кыргыз Республикасы
Чүй облусу, Ысык- Ата району
Кант шаары, Л.Толстой көчөсү 82
1.6 Уюштуруу-укуктук формасы: мекеме
II. МУЗЕЙДИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
- музейдин профилине ылайык илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү: 4433-эвакуациялык госпиталынын Кыргыз ССРинин аймагында түзүлгөн учурдан тартып Будапешт, Венгрияга чейинки түзүлүшү, жайгашуусу жана согуштук жолу
- Кант посёлогунун уюштуруучуларына, М.Фрунзе кант трестинин, БЧКнын, темир жолдун түзүлүшү жана курулушуна байланышкан тарыхый процесстерди изилдөө, алардын прогрессивдүү маанисин аныктоо, ошондой эле бул маселелер боюнча кадрлар менен камсыз кылуу жана каражаттарды изилдөө;
- тарыхый музейдин ишин мүнөздөгөн экспонаттарды, стационардык жана көчмө көргөзмөлөрдү түзүүгө илимий, агартуу жана идеологиялык иштерди жүргүзүүгө (Кант шаарын өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошкон башкы врачтар, 4433-ЭГнын медициналык персоналдары, оорук эмгекчилери, Кант трестинин, темир жолдордун биринчи жетекчилери, ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер жана башка адамдар) негиз болгон;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы жана согуштан кийинки мезгилдеги Кант райондук паселогунун (р.п.) тарыхына байланыштуу таанымдарды жайылтуу, жаштарды баатырдык өткөн тарыхка, мекендештердин даңктуу аскердик жана эмгек салттарын таанытууга тарбиялоо.
III. МУЗЕЙДИН УКУКТУК АБАЛЫ
Тарых музейи өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (1999-жылдын 26-июлундагы № 91) жана ушул Жобого ылайык Кант шаарынын мэриясынын, шаардык кеңешинин көзөмөлүндө жүргүзөт.
Тарых музейинин негиздөөчүсү Кант шаарынын мэриясы. Музей анын балансында турат жана өзүнүн укуктарынын жана милдеттеринин чегинде юридикалык жак катары аракеттенет. Мектептин тарыхый музейинин мүлкү ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунун негизинде бекитилип берилет. Тарых музейи өз милдеттенмелери боюнча карамагындагы каражат менен жооп берет. Алар жетишсиз болгон учурда мектептин тарыхый музейинин милдеттенмелери боюнча субсидиардык жоопкерчиликти анын ээси тартат.
IV. ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН КАРЖЫЛЫК НЕГИЗИ
Мектептин музейи мүлктү ушул жободо көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланат.
Мектептин музейинин мүлкү төмөнкүлөрдөн турат:
- мүлктүк салымдар жана кайрымдуулук (уюштуруучу, жеке адамдар, демөөрчүлөр, диний жана башка уюмдар);
- ресурстарды тартуу боюнча иш-чаралардан түшкөн каражаттар (маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу, кайрымдуулук каражаттарды чогултуу боюнча акцияларды өткөрүү, лекцияларды, көчмө жана стационардык көргөзмөлөрдү, лотереяларды, марафондорду жана башка иш-чараларды өткөрүү);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр;
- ыктыярдуу салым катары музей материалдык, интеллектуалдык жардам ж.б. түрүндөгү каалаган мүлктү кабыл ала алат;
- музейдин өндүрүштүк-чарбалык ишинен түшкөн кирешелер ушул жободо көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн гана пайдаланылат.
V. МЕКТЕП ТАРЫХ МУЗЕЙИНИН БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ
Жогорку орган –негиздөөчү (Кант шаарынын мэриясы)
Байкоочу кеңеш- музейдин кеңеши;
Аткаруучу орган – жетекчи
5.1 Мектептин тарых музейинин жогорку башкаруу органы Негиздөөчү болуп саналат. Негиздөөчүнүн негизги функциясы тарых музейи түзүлгөн максаттарга жооп беришин камсыз кылуу болуп саналат.
Негиздөөчүнүн компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- жобону жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бекитүү;
- музейдин ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн дайындоо жана бошотуу;
- музейдин жетекчисин кызматка дайындоо жана бошотуу;
- жылдык отчетту бекитүү жана мектептин тарых музейинин финансылык-чарбалык ишине контролдук кылуу;
5.2. Байкоочу орган болуп курамы 11 адамдан турган музейдин Байкоочу кеңеши саналат, уюштуруучу тарабынан 2 жылдык мөөнөткө дайындалат. Жыйын зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт;
5.3. музейдин Байкоочу кеңешинин компетенциясына төмөндөгү маселелерди чечүү кирет:
- мектептин тарых музейи тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы;
- тарыхый музей тарабынан ал түзүлгөн максаттарга ылайык келүүсү;
- музей тарабынан өткөрүлүүчү бардык иш-чараларга катышуу;
- музейдин жылдык иш планын түзүү жана Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын бекитүүсүнө берүү;
- музейдин иши боюнча тексттерди жана отчетторду даярдоого катышуу; - "Музей таануу" адистиги боюнча акыркы адабияттарды үйрөнүүдө кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
5.4 Байкоочу кеңештин дайындалган мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн катышуусу кворум болуп саналат. Чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
5.5. Мектептин тарых музейинин Байкоочу кеңешинин курамы Кант шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын чечими менен шайланышы жана кайра чакыртылышы мүмкүн.
5.6. Аткаруу органы башкаруучу болуп саналат
5.7. Жетекчинин компетенциясына музейдин башка органдарынын компетенциясына тиешелүү маселелерди кошпогондо, музейдин учурдагы ишин башкарууга байланышкан бардык маселелер кирет.
VI. ИШТИН МАЗМУНУ ЖАНА ФОРМАЛАРЫ
Кант шаарындагы №5-орто мектебинин мектеп тарых музейи өзүнүн профилине жана милдеттерине ылайык «Тарыхты бирге сактайлы» аттуу иш-чарада төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
6.1. Илимий-изилдөө иштеринин тармагында:
а) 4433-эвакуациялык госпиталынын кызматкерлеринин, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин, тылдын эмгекчилеринин, Фрунзе кант заводунун, БЧКнын, Кант темир жолунун, Баатыр энелердин согуштук жана өмүр жолун комплекстүү изилдөө;
б) музейди, анын ичинде негизги коллекциянын имаратын, курулуштарын, аймагын жана башка материалдарын изилдейт жана сыпаттайт;
в) коллекцияларды илимий жактан алууну жүзөгө ашырат;
г) мамлекеттик архивдердеги, мекеме архивдериндеги, китепканалардагы жана башка музейлердин коллекцияларындагы тиешелүү материалдарды аныктайт жана изилдейт;
г) мектептин тарых музейинин илимий-изилдөө иштери тематикалык-көргөзмө пландары, илимий экспедициялык отчеттор, каталогдор, гиддер, тарых музейинин илимий сыпаттамалары жана коллекциялык буюмдар түрүндө берилиши мүмкүн.
6.2. Илимий көргөзмө иштери боюнча:
6.2.1. Тарых музейинин экспозициясы музейдик материалдардын илимий басылышынын формаларынын бири болуу менен музей таануунун методологиялык принциптеринин негизинде жана ага ылайык түзүлөт.