Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 11-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жыл ичинде аткарган иштеринин жалпы абалы тууралуу отчёту жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жыл ичинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү, бюджеттин аткарылышы жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча аткарган иштери боюнча отчётун туруктуу комиссиялардын отурумдарында угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын М. Ракишевдин 2025-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу отчёту эске алынсын.
2. 2025-жылдын отчётунун жыйынтыгы менен Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ракишевдин аткарган иши “канааттандырарлык эмес” деп баалансын.
3. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ракишевге 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча айтылган сын-пикирлерди жана кемчиликтерди жоюу боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана аткарылышы тууралуу маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада салттар боюнча комиссиясынын төрагасы Жалиев Мыктыбекке тапшырылсын.
Төрага | Б.Дүйшөев |