Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 12-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №4
Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2026-жылга карата калкты социалдык коргоо программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын тургундарынын социалдык абалын жакшыруу, калктын аялуу катмарына (аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жалгыз бой карылар) даректүү жардам көрсөтүү жана социалдык колдоону системага салуу максатында, кеңештин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 9-мартындагы №8 отурумунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2026-жылга карата калкты социалдык коргоо программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Программада көрсөтүлгөн иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу, социалдык жардамдарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту сактоо жана социалдык маселелер боюнча комиссиялардын ишин жандандыруу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул программаны ишке ашыруу үчүн талап кылынган каражаттар Кыргыз-Ата айыл аймагынын 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинин “Социалдык коргоо” беренесинен каржылансын.
4. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү боюнча комиссиясынын төрагасы Абдисатар уулу Жоомартбекке тапшырылсын.
Төрага | Б.Дүйшөев |