Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 12-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №5
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин 2025-жыл ичинде ата-энелерден тамак-аш үчүн түшкөн атайын каражаттардын суммасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, балдардын тамак-ашын уюштуруу үчүн ата-энелер тарабынан төлөнгөн каражаттарды мыйзамдаштыруу жана бюджеттик эсепке алуу максатында, айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 5-мартындагы №01-3/45 сандуу сунуш катына, кеңештин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 5-мартындагы №7 отурумунун корутундусуна, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери боюнча 2025-жыл ичинде ата-энелерден тамак-аш үчүн төлөнгөн төлөмдөрдүн калдыгын (атайын каражаттардын) жалпы суммасы 478 312,4 (төрт жүз жетимиш сегиз миң үч жүз он эки бүтүн ондон төрт) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Аталган атайын каражаттардын максаттуу жумшалышын жана калдыктарынын бюджеттик отчёттордо чагылдырылышын көзөмөлгө алуу;
– 2026-жылга карата ата-энелердин төлөмдөрүн кабыл алууда накталай эмес эсептешүү (банк аркылуу) Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясынын төрагасы Жунусов Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Б.Дүйшөев |