Загрузка документа…
АК-ТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 7-апрели № 8
“Кожешкен” дарыясынын жээгинин когоо зонасын
кыскартууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу Жобонун 23-пунктуна ошондой эле Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин талаптарына ылайык, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты айылдык кеңештин депутаттары тарабынан каралып, талкууланып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесинин 2-пунктуна негиз, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 108 сунуш каты канааттандырылсын.
2. Ак-Турпак айыл аймагын аралап өткөн “Кожешкен” дарыясынын жээгинин коргоо зонасын 150 (бир жүз элүү) метрден 100 (бир жүз) метрге кыскартууга макулдук берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздары Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы департаменттин Оштогу өкүлчүлүгүнө белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Маканбаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарыА.Тешебаевага жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |