Загрузка документа…
1-тиркеме
2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасы (мындан ары – Программа) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатынын стратегиялык милдеттерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Бул документтин алкагында кайтып келген мигранттар деп чет өлкөдө эмгектенгенден кийин мекенине кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандары түшүнүлөт.
2. Бул Программа төмөнкү негизги документтерге негизделет: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 191 «2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» токтому, Кыргыз Республикасы 2024-жылдын 27-августунда кошулган Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө глобалдык келишимдин алкагындагы Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери.
3. Бул Программа эмгек миграциясынан кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандарын туруктуу социалдык жана экономикалык реинтеграциялоо үчүн шарттарды түзүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандырууга багытталган.
2-глава. Абалды жалпы талдоо
4. Миграция акыркы жыйырма жылда Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясаттын маанилүү бир бөлүгү болуп калды жана республикадагы туруктуу өнүгүүгө, саясий абалга олуттуу таасирин тийгизүүдө. Ошол эле учурда калктын саны боюнча өлкө коңшу мамлекеттердин көпчүлүгү менен атаандаша албайт. Республиканын туруктуу калкынын саны 2025-жылга карата 7,3 миллион адамды түздү, ал эми жумушчу күчүнүн саны 2024-жылга 2,9 миллион адамды түздү.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы калкты жана турак жай фондун каттоо маалыматтарына ылайык өлкөнүн чегинен тышкары эмгек миграциясында 858,0 миң адам бар.
2024-жылы республикадагы миграциялык өсүш 11 208 адамды түздү, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн (9 843 адам) ашкан.
Миграциянын оң сальдосу катары менен үчүнчү жыл сакталып келет, ошол эле учурда 30 жылда биринчи жолу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бардык өлкөлөрүнөн мигранттардын таза агымы катталды.
Миграциялык процесстер бүгүнкү күндө дээрлик Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына таасирин тийгизүүдө жана күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Кыргыз Республикасында калктын миграциялык агымы көз карандысыздык алган мезгилден бери эле сакталып келген. Миграциялык агымдын басымдуу бөлүгүн эмгек мигранттары түзгөн, алардын көпчүлүгү жакынкы мезгилге чейин Россия Федерациясынын аймагында болушкан.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын миграциялык агымдары акыркы үч жылда өз түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. 2022-жылдан бери Россия Федерациясында эмгек ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу агымы байкалууда. Эгерде 2022-жылга чейин Россия Федерациясынын миграциялык органдарында миграциялык каттоого турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ар жылдык саны эң жогорку чекте 800,0 миңге жакын жаранга жетсе, 2023-жылы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын маалыматтары боюнча бул сан Кыргыз Республикасынын 516,0 миң жаранын түздү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча болгон маалыматтарга ылайык мигранттардын саны 380,0 миңге жакын адамды түздү, ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул сан 341,1 миңге жакын адамды түздү.
5. Кыргыз Республикасына миграциялык агымдын өсүү тенденциясын эске алуу менен миграциядан кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле ар кандай себептер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын алмаштырган Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарын реинтеграциялоо маселелери да актуалдуу болууда. Ушуга байланыштуу мекендештерди реинтеграциялоо жаатында мамлекеттик саясатты түзүү жана камсыздоо, туруктуу экономикалык өсүштү андан ары турукташтыруу үчүн алардын потенциалын пайдалануу жана мамлекеттик маанидеги инфраструктуралык жана демографиялык милдеттерди чечүү зарылчылыгы келип чыгууда.
6. 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасында экономиканын туруктуу өсүшү байкалууда, алсак Дүйнөлүк банктын маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын экономикасы 2022-жылдагы деңгээлде сакталуу менен 2023-жылы 9 %га өстү.
Бул өсүштүн негизги фактору болуп кызмат көрсөтүүлөр сектору, атап айтканда Кытайдан жана Россиядан келген транзиттик соодага байланышкан кызмат көрсөтүүлөр саналат. Ички дүң продукттун (мындан ары – ИДП) түзүмүндө өсүш экспорттун жана керектөөнүн көбөйүшү менен колдоого алынган. Маалыматтар боюнча 2024-жылдын январынан тартып декабрына чейинки мезгилде ИДП 1,5 трлн сомдон ашыкты түзгөн, бул 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөн 9 %га жогору.