Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 12-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы №6
Бюджеттик эркин калдык каражаттардын эсебинен электр энергиясы боюнча карыздарды жабууга каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын муниципалдык мекемелеринин жана объекттеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, электр энергиясы боюнча топтолгон карыздарды өз убагында жабуу жана бюджеттик тартипти сактоо максатында, айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 5-мартындагы №01-3/44 сандуу сунуш катына, кеңештин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 5-мартындагы №7 отурумунун корутундусуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата бюджеттик калдык каражатынан 790 546,7 (жети жүз токсон миң беш жүз кырк алты бүтүн ондон жети) сом өлчөмүндөгү каражат электр энергиясы боюнча топтолгон карыздарды жабуу үчүн бекитилсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына бөлүнгөн каражаттарды максаттуу багыттоо жана тиешелүү төлөмдөрдү казыналык системасы аркылуу өз убагында жүргүзүү тапшырылсын.
3. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясынын төрагасы Жунусов Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Б.Дүйшөев |