Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 12-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-марты №7
Бюджеттик эркин калдык каражаттардын эсебинен электр энергиясы боюнча карыздарды жабууга каражат бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын директорунун 2026-жылдын 10-мартындагы № 1 сандуу сунуш катын карап чыгып, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 13-мартындагы №10 протоколунун корутундусуна, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары үчүн 2026-жылга карата малдын түрлөрү боюнча жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн баасы төмөнкүдөй бекитилсин:
– Бодо мал (уй, өгүз ж.б.) — 1 баш үчүн 100 (жүз) сом;
– Жылкы — 1 баш үчүн 150 (жүз элүү) сом;
– Топоз — 1 баш үчүн 150 (жүз элүү) сом;
– Майда мал (кой, эчки) — 1 баш үчүн 35 (отуз беш) сом.
2. Мал башынын так санын аныктоо боюнча инвентаризациялоо иштерин жүргүзүүнү, тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык ишкананын уставына зарыл болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү, жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоону, жайыт акыларын өз убагында чогултуу жана каражаттарды жайыттардын инфратүзүмүн (көпүрө, жол, суу ичүүчү жайлар) оңдоого максаттуу жумшоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдооо боюнча комиссиясынын төрагасы Жунусов Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | Б.Дүйшөев |