ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кенешинин XXVIII -чакырылышынын 1-чи кезектеги жыйыны
2024-жылдын 2-апрели № 10
Таш-Дөбө айылдык кеңеши менен Арашан айылдык кеңешин бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык эки айыл аймагы бириктирилген : Таш-Дөбө менен Арашан бир Арашан айыл өкмөтүнө айланган.2024-жылдын 26-февралындагы биринчи кошмо сессиясынын жыйынтыгы менен
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл аймагынын Таш-Дөбө айылдык кеңешинин жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айыл аймагынын Арашан айылдык кеңешинин органдарын бириктирилсин, бириккен айылдык кеңештердин негизинде кайра Арашан айыл аймагынын Арашан айылдык кеңеши түзүлсүн;
2. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылдык кеңешинин Арашан айылдык кеңешинин органы түзүлсүн;
Толук аты:
- кыргыз тилинде: «Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Арашан айылдык кеңеши»
- орус тилинде: “Арашанский айылный кенеш Арашанского айылного аймака Чуйской области Аламудунского района”
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- кыргыз тилинде: «Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан АӨ Арашан АК»
- орус тилинде: “Арашанский АК Арашанского АО Чуйской области Аламудунского района”;
3. Органдын юридикалык дареги төмөнкү дарек болуп аныкталсын: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы, Школьная көчөсү № 32;
4. Органдын жетекчиси Курманбаев Алмазбек Болотбекович, Арашан айылдык кеңешинин төрагасы;
5. Органды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юстиция органдарында жана башка мамлекеттик органдарда каттоодон өткөрүлсүн;
6. Ушул чечимде юридикалык жакты түзүү жөнүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендигин тастыктайм.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |