Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин I сессиясы

 

  2024-жылдын  27-ноябрындагы №1

 

«Сайдыкум айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө»

 

Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.      Эсептөө комиссиясынын Сайдыкум айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

 

2.      Сайдыкум айылдык кеңештин төрагасы болуп, Анарбаев Болотбек Анарбаевич шайлангандыгы таанылсын.

 

3.      Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

    Төрагалык кылуучу

 

        М.Ж.Тилебаева