Редакцияот 13.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БҮРГӨН АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

 

VII чакырылыштагы депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын

 

2023-жылдын  13-ноябры  №17/2

Кара-Бүргөн айыл аймагында  Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 26.12.2022-жылдагы №713 токтому боюнча  “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө.

 

 

    Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде жана Кара-Бүргөн, Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарында 28.08.2023-жылы өткөн жыйындын токтомунун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:

 

 

1.    “Кадаң-Майстан”  муниципалдык ишканасынын элге көрсөтүү акысынын тарифтери 2024-жылга карата төмөндөгүдөй бекитилсин:

--- Ичүүчү таза сууга  1 айга 1түтүнгө -150 сом

--- Сугат суу төлөмдөрүнүн акысы  1 га жер аянты үчүн- 150 сом

 Кемеге-Кайырмадан, Чоң-Көк-Колот, Кичи-Көк-Колот, Тай-Сарай участкасынын дыйкандары үчүн 1га жер аянты үчүн -500 сом

--- Жайыт акы – бодо малга (жылкы, уй, топоз)- 100 сом.

 майда жандык (кой, эчки)- 20сом

--- Тиричилик таштанды чыгаруу ар бир түтүнгө 1айга – 100сом

2.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө “Кадаң-Майстан” муниципалдык ишканасына  милдеттендирилсин.уа

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы       Б.Кемелов