Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

  2024-жылдын  17-декабрындагы №6

 

Сайдыкум айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

       

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-Токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобосунун 22-23-пунктарына ылайык

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссияга курамына төмөнкү курамда комиссия бекитилсин.

 

1.И.Сатаров - Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;

2.Ж.Инаятова - жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы;

3.А.Умаров - Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

4.Ш.Таалайбек уулу - Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

5.А.Орозматова - Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

6.А.Аскарова - Сайдыкум айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү;

7.М.Калыков - Сайдыкум айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү;

8.К.Абдуллаев - айыл чарба боюнча адис, комиссиянын мүчөсү;

9.У.Маткасимов - айыл башчы, комиссиянын мүчөсү;

10.К.Кожояров - айыл башчы, комиссиянын мүчөсү;

11.Д.Аскаров - айыл башчы, комиссиянын мүчөсү;

12.Н.Сыдыкова - киреше бөлүмү боюнча адис, комиссиянын мүчөсү;

13.М.Коконов - Базар-Коргон агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы

(макулдашуу менен), комиссиянын мүчөсү;

 

2.          Токтомдун аткарылышын аткаруу жагы Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жолдошовго милдеттендирилсин.

3.          Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

    Төрага

 

        Б.А.Анарбаев