Редакцияот 17.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

  2024-жылдын  17-декабрындагы №7

 

Комиссия курамын бекитүү жөнүндө

       

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө мыйзамын жетекчиликке алып, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамын толуктоо үчүн Алишев Кеңешбек Абдразакович жана Байбубаев Нуртилек Кочкорович бекитилсин.

 

2.    Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамын толуктоо үчүн бекитилген талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына сунушталсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго жүктөлсүн.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум Айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.А.Закировго жүктөлсүн.

 

 

    Төрага

 

        Б.А.Анарбаев