Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы №10-1
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2026-жылга айылдык бюджеттин жана 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга айылдык бюджетинин аткарылышы, 2026-жылга каралган айылдык бюджети жана 2027-2028-жылдарга болжолун Гулистан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзамынын 29-34-беренелерин жетекчиликке алып, Гулистан айылдык кеңешини токтом кылат:
1. Гулистан айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын “Гулистан айыл өкмөтүнүн 2025-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин талкулоо боюнча” 2026-жылдын 26-январындагы өткөрүлгөн отурумунун №1-Протоколунун чечимдерин бекитүүгө макулдук берилсин.
2. 2026-жылга Гулистан айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 37792,7 миң сом, анын ичинен атайын каражат эсеби 5300,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2026-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2026-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калтырылсын.
Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын аймактык бөлүмүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга республикалык бюджети, 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:
– Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе, айылдык кеңештин макулдугу менен ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
– ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;
– киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен айылдык кеңештин макулдугу менен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо.
6. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 01-январына жергиликтүү бюджеттен калган акча-каражаттары (Жергиликтүү бюджеттен 4 027,0 миң сом) 2025-жылдын 1-кварталында бөлүштүрүлсүн (Тиркеме тиркелет).
7. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
8. Гулистан айыл өкмөтунүн 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджетинин божомолу бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
9. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 30 589,4 миң сомго, чыгаша бөлүгү 36 461,9 миң сомго же кирешенин чыгашадан 5872,5 миң сомго артыкчалыгы менен аткарылгандыгы №2,3 тиркемелерге ылайык белгиленсин.
10. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
11. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
12. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.