Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы №10-2
Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон борбордук стадиондун ордуна мамлекеттик мекеме ишканалардын жаңы имараттарын куруу боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Шейшекановдун сунушун кароо жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон борбордук стадионунун ордуна мамлекеттик мекеме ишканалардын (Ноокат райондук соту, Ноокат райондук салык башкармасы, Ноокат райондук архиви, Ноокат райондук “Кадастр” ишканасы, Ноокат райондук социалдык коргоо бөлүмү) жаңы имараттарын куруу маселеси Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Шейшеканов тарабынан сунушталды. Бул маселени аким айылдык кеңешинин депутаттары менен болгон жолугушууда сунуштаган. Гулистан айылдык кеңешинин депутаттары аким Данияр Шейшекановдун сунушу менен таанышып чыгып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык жана айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги борбордук стадиондун ордуна мамлекеттик мекеме ишкалардын жаңы имараттарын куруу боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Шейшеканов тарабынан берилген сунушу маалымат ордунда кабыл кылынсын.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде болгон борбордук стадионунун ордуна мамлекеттик мекеме ишканалардын (Ноокат райондук соту, Ноокат райондук салык башкармасы, Ноокат райондук архиви, Ноокат райондук “Кадастр” ишканасы, Ноокат райондук социалдык коргоо бөлүмү) жаңы имараттарын куруу боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данияр Шейшеканов тарабынан берген оозеки сунушу кароосуз калтырылсын.
3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |