Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы №10-3
Гулистан айыл аймагында тамарка салыгын зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагындагы кожолуктардын турак жай жана багбанчылык участокторунан алынуучу жер салыгынын зоналык коэффициентин бекитип берүү жана тамарка салыгынан жеңилдиктерди берүү боюнча Гулистан айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 62-беренесинин, Жер салыгынын базалык чендери жөнүндөгү укуктук актыларынын негизинде жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Гулистан айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Гулистан айыл аймагындагы кожолуктардан алынуучу тамарка үчүн жер салыгынын зоналык коэффиценти 2026-жылга К 1-1,2 кылып белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы кожолуктардын тамарка боюнча жер салыгынан берилүүчү жеңилдиктери 0,10 га өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |