Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы №10-4
Гулистан айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер Кодексинин 76-беренесинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык жана айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана ташкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун карап чыгып жана талкуулап, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл аймагындагы юридикалык жактарга жана жеке ишкердик жүргүзгөн тараптардын иштегендердин санына карата таштанды жыйымы бир жылга (ар бир иштеген кишиге) 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Гулистан айыл аймагындагы жеке жактардан алынуучу таштанды жыйымы бир жылга (ар бир жан башка) 30 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Таштанды жыйымын жыйноону 2026-жылдын 1-апрелине аяктоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |