Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы №10-5
Гулистан айыл аймагындагы мекеме уюмдардын, артезиандык скважиналардын, көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2026-жылга электр энергиясына болгон лимиттерди бекитүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын, артезиандык скважиналардын, көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2026-жылга электр энергиясына болгон керектелүүчү киловатт саат лимитин мыйзам боюнча айылдык кеңеши бекитип бериши керектелет. Ушул максатта Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык жана айылдык кеңештин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык мекеме уюмдардын, артезиандык скважиналардын, көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2026-жылга электр энергиясына болгон 1 266 000 кВт саат өлчөмүндөгү лимити бекитилсин.
2. Электр энергиясын белгиленген лимиттен ашырбай пайдалануу ар бир мекеме уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
| У.Мирзакулов |