Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы №10-6
Гулистан айыл аймагынын борборундагы Фрунзе айылынын тургундарынын 2025-жылдын 25-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколун бекитүү боюнча
Гулистан айыл аймагынын борборундагы Фрунзе айылынын тургундары 2025-жылдын 25-декабрындагы жалпы чогулушунда аймактын борбору болгон “Фрунзе” айылын үч өзгөчө айыл болуп бөлүнүү маселеси каралган. Фрунзе айылын үчкө бөлүү маселесин каралышын чогулуш катышуучулары айылдык кеңештен сурашкан. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39 - беренелерине ылайык жана айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиянын корутундусун карап чыгып жана талкуулап, айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл аймагы “Фрунзе” айылынын тургундарынын 2025-жылдын 25-декабрындагы жалпы чогулушунун протоколун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Фрунзе айылынын өз алдынча үч айыл болуп бөлүнүп “Айыл” статусун алуу боюнча айыл тургундарынын сунушуна макулдук берилсин.
3. Фрунзе айылынын тургундарынын берген сунушу боюнча айылдын түштүк тарабындагы калктуу конуштарга “Таштак” наамын берилишине, айылдын түндүк тарабындагы калктуу конуштарга “Кызыл-сай” наамын берилишине, айылдын борборундагы калктуу конуштарга “Датка” наамын берилишине макулдук берилсин.
4. Жаңыдан түзүлө турган айылдардын чек араларын, үй-бүлөлөрдүн санын, элдердин санын жана инфро түзүлмөлөрдүн бүгүнкү абалы жөнүндө толук маалыматтарды тактоо Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Фрунзе айылын үчкө бөлүп, жаңыдан түзүлө турган айылдарга “Айыл” статусун берүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана жогорку бийлик органдарына кайрылуу жагы Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Ушул токтом Гулистан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Айылдык кеңешинин токтому ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
| У.Мирзакулов |