Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XII сессиясы
2026-жылдын 9-апрели № 69
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылына мечит курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” 2025-жылдын 18-июлундагы №149, 14-берене.Жерлерди максаттуу багытын белгилөө жана өзгөртүү жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы негизинде Баткен облусунун Баткен райондук хатибиятынын 2026-жылдын 11-мартындагы кайрылуу катын айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз Р.Ачылова көчөсү №64/3 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мусулмандар Дин башкармасынын Баткен райондук хатибиятынын менчигинде турган 8-01-07-1003-0288 ИДН, кодундагы 580,0м чарчы метр турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесине мечит куруу үчүн Шаар куруу жана архитектура департаментинин Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2026-жылдын 3-мартындагы №69 сандуу корутундусуна ылайык жер аянтынын максаттуу багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын ишке ашырып берүү жагы Баткен регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармасынан жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Баткен филиалынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссия төрагасы М.Халмурзаевге жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: |
Т.Исманов |